УКМК: Ок атуучу куралдарды жана жардыруучу заттарды мыйзамсыз сактагандыгы үчүн «Үмүт жана Ко» ЖЧКсынын тең ээлик кылган КР жараны А.Ж.Т. боюнча
- August 19, 2022
- 07:21
Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан ок атуучу куралдарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз сактаган жана колдонгон адамдарды аныктоо боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө «Үмүт жана Ко» ЖЧКсынын тең ээси 1970-жылы туулган А.Ж.Т. аттуу Кыргыз Республикасынын жараны аныкталды.
А.Ж.Т. иштеген жана жашаган жери боюнча жүргүзүлгөн тинтүү иш-чараларынын жүрүшүндө 7,62 калибриндеги 1 даана “Калашников” автоматы менен “БРДМ 2” (Брондолгон чалгындоо жана патрулдук унаа) атайын техникасы, ошондой эле жүгүртүүгө тыюу салынган көп сандагы ок атуучу куралдар, ок-дарылар жана жардыргыч түзүлүштөр (Ф-1 гранатасы), жылмакай (мылтык) жана ар кандай калибрдеги травматикалык куралдар табылып алынган..
Белгилей кетсек, А.Ж.Т. күнүмдүк турмушта дайыма аскердик форманы (камуфляжды) кийип жүргөн жана жогоруда аталган курал-жарактарды алууга жана мыйзамсыз сактоого түрткөн агрессиянын ар кандай көрүнүштөрүнө ыктаган.
Учурда КР Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренесинин 3-бөлүгүндө (Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) боюнча каралган кылмыштын негизинде катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, кылмышка шектүү катары кармалган жарандардын үстүнөн тергөө жана тиешелүү экспертизаларды дайындоо ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө..
Кармалган А.Ж.Т. Иликтөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине алынып келинди.
Табылып алынган курал жарактар:
– 1 даана «БРДМ-2» атайын техникасы (Брондолгон чалгындоо жана патрулдук унаа);
– 1 даана БРДМга орнотулган танк Калашников автоматы;
– 1 даана КПВТ жасалма үлгүсү;
– АКСУ автоматы, сериясы No93882625;
– сериялык No 20890019 «Сайга» маркасындагы мылтык, жана 7 бош магазин;
– сериялык No NI9595 «Вепр» маркасындагы автомат жана 12 бош магазин;
– сериялык номери А09486574 «Сайга 12К» маркасындагы мылтык, жана 2 бош магазин;
– 4,5 калибрдеги “Хатсан” пневматикалык тапанчасы;
– 12 калибрдеги жылмакай мылтык;
– №1276 ТО6458 «Вепр» маркасындагы мылтык, эки бош огу менен;
– сериялык номери LO7501281 оптикасы менен «Тигр» маркасындагы мылтык;
– сериялык номери 9914596«Фабарм» маркасындагы сайсыз мылтык;
– F-1 гранатасы;
-17П сериясындагы «Форд» маркасындагы травматикалык тапанча, сериялык номери В1045780 үч огу менен;
– 1 даана Sony маркасындагы планшет, 1 даана HP маркасындагы ноутбук;
– 196 даана 7,62 калибрдеги ок дарылар;
– 423 даана 5,45 калибрдеги ок дарылар;
– 59 даана 45-калибрдеги ок дарылар;
– 21 даана 5,45 калибрдеги ок дарылар;
– 120 даана 12 калибрлүү ок дарылар;
– 28 даана өлчөмүндөгү жылмакай мылтыктар үчүн патрондор;
– 12 калибрдеги бош снаряддардын эки баштык;
– 12 калибрдеги патрондор үчүн эки магазин;
– 12 калибрдүү бош кутулары бар 1 желим баштык;
– жылмакай мылтык үчүн 12 калибрдеги 91 ок дарылар;
– 150 даана 9мм ок дарылар;
-: 3 даана 7,62х54 калибрлүү ок дарылар менен цинк, 19 даана 7,62х34; 12 даана 9 мм., 1120 даана 9х19 өлчөмүндө 7 ящик;
– 3 тангак чачма ок дары (дробь);
– 2 даана металл пластины;
– 1 даана курал пастасы;
– 1 даана курал үчүн кабык (кобура);
– 1 даана хаки аскердик түстөгү маска;
– 2 даана камуфляж;
– 2 даана от өчүргүч;
– 1 даана каска;
– 1 даана кастет;
– 1 даана «GloFeng» маркасындагы рация.