КР УКМК үстүбүздөгү жылдын 17-майында жүргүзүлүп жаткан ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында Бишкек шаарынын аймагында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри А.Бейшеналиевдин кеңешчиси, 1993-жылдын 3-сентябрында туулган Тилекова Мээрим Тилековнанын жашаган жери аныкталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин (опузалап пара алуу) негизинде тергөөгө чейинки текшерүүнүн материалдарынын алкагында андан аркы тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн Каракол шаарына жеткирилди.
Азыркы учурда тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.