УКМК: КР мурдагы мамлекеттик мүлк министри Т.Т.О. жана КР Мамлекеттик мүлктүн контролдоо-укуктук башкармалыгынын көзөмөлдөө-аудит бөлүмүнүн мурдагы башчысы К.Б.К. карата кылмыш иши уланууда
2017-жылдын 23-июнунда КР УКМК тарабынан КР мурдагы мамлекеттик мүлк министри Т.Т.О. жана КР Мамлекеттик мүлктүн контролдоо-укуктук башкармалыгынын көзөмөлдөө-аудит бөлүмүнүн мурдагы башчысы К.Б.К. карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин (Автомобиль жолдорун пайдалануу жана аларды сактоо эрежелерин бузуу) негизинде жана “Кадамжай сурьма комбинаты” ААКсынын башка жооптуу адамдарына карата коррупция фактысы боюнча кылмыш иши козголгон.
2021-жылдын 12-декабрында кылмыш иши КР Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесине (Коррупция) кайра квалификацияланган.
Азыркы учурда бул факты боюнча тиешелүү процессуалдык чечимдерди кабыл алуу үчүн тергөө иштери жүргүзүлүүдө.