УКМК: КР ИИМдин “Унаа” мамлекеттик мекемесинин Жалал-Абад облусу боюнча аймактык башкармалыгынын оператору жана ортомчу кармалды

2022-жылдын 26-апрелинде Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгүндө (Пара талап кылуу) боюнча каралган кылмыш ишинин алкагында пара алып жаткан жеринен КР ИИМдин “Унаа” мамлекеттик мекемесинин Жалал-Абад облусу боюнча аймактык башкармалыгынын кызматкери жана ортомчу кармалды.

         КР ИИМдин “Унаа” мамлекеттик мекемесинин Жалал-Абад облусу боюнча аймактык башкармалыгынын оператору А.М.И. ортомчу Б.Ш.Ж. аркылуу Жалал-Абад шаарынын тургунунан айдоочунун күбөлүгүн алуу үчүн экзаменди тапшыруу маселесин оң жагына чечип берүү үчүн коркутуу жолу менен акча каражатын талап кылганы аныкталган.

         Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында КР ИИМдин “Унаа” мамлекеттик мекемесинин Жалал-Абад облусу боюнча аймактык башкармалыгынын оператору А.М.И. жана ортомчусу Б.Ш.Ж. пара алып жаткан жеринен кармалды.

         Аталган жарандар Сузак РИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.