2022-жылдын 29-апрелинде Кыргыз Республикасынын УКМК КР ИИМнин Ош облусу боюнча ички иликтөө кызматы менен бирдикте КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүмүндө каралган (Опузалап пара алуу) факты боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында комплекстүү ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүүдө Ош облусунун Кара-Суу районунун ИИБнын тергөө бөлүмүнүн тергөөчүсү пара алып жаткан жеринен кармалды.
Кара-Суу районунун ИИБнын тергөө бөлүмүнүн тергөөчүсү, милициянын ага лейтенанты К.М.К кылмыш жоопкерчилигине тартуу менен Кара-Суу районунун тургунун коркутуп, андан 50 000 сом акча талап кылгандыгы аныкталган.
Көрсөтүлгөн сумманын 15 миң сом бөлүгүн алуу учурунда тергөөчү К.М.К кармалып, азыркы учурда КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык КР УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.