2022-жылдын 15-февралында КР УКМК Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 219-беренесинин 1-бөлүгү (Кумар оюндарын өткөрүү үчүн көмүскө жайды уюштуруу же күтүү, кумар оюндарын өткөрүү) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын реестрине катталган иш-чаранын жүрүшүндө мыйзамсыз уюштурулган көмүскө кумар оюндары аныкталып ага бөгөт коюлду.
Такталган боюнча, Кыргыз Республикасынын жарандарынын тобу компьютердик оюн клубдарына жамынып, бош убактысын өткөрүү үчүн мыйзамсыз кумар оюндарын уюштурушкан. Көрсөтүлгөн мекемеге күн сайын 70-80ге чейин адам келип турган
2022-жылдын 15-февралында КР УКМК ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында, уюштуруучу К.А.К. жана администраторлор Т.к А. жана У.А.А, жана ошондой эле аталган мекемеге кумар оюндарын өткөрүүгө келген 30 адам кармалды.
Учурда тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүрүп жатат.