Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети КР аймагында контрабандага каршы аракеттенүү, аныктоо жана бөгөт коюунун алкагында УКМКнын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, 2022-жылдын 21-июль күнү Талас облусунун Манас районундагы “Чоң-Капка” көзөмөлдөө-өткөрүү пунктунда Кыргыз Республикасынын А.С. аттуу жаранынынбашкаруусундагы “Мерседес-Бенц” үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа кармалды.
Жогоруда аталган автоунааны текшерүү учурунда 89 коробка “дары-дармектер” контрабандалык жүгү табылды.
Азыркы учурда келтирилген зыяндын көлөмүн аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.