Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагында баңгизаттарды аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө чет өлкөлүк жаран кармалды.
Кыргыз Республикасынын УКМК КР Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) менен козголгон кылмыш иши боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын алкагында, өзгөчө ири өлчөмдөгү баңгизатын (жалпы салмагы 2,98 кг. гашиш) сатууга аракет кылып жаткан учурда чет элдик жаран Н.К.М. кармалган.
Азыркы учурда кармалган адам КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.