КР УКМК аткезчилике каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында, 2022-жылдын 8-майында Баткен районунун Жаңы-Жер айылынын аймагында, Сох анклавына жакын жерде, КР УКМК ЧК кызматкерлери менен биргеликте жалпы баасы 1 миллион сомдон ашык болгон 6060 банка энергетикалык суусундуктарды ташып бара жаткан “Мерседес Бенц Спринтер” жана “Фольксваген Крафтер” үлгүсүндөгү автоуналардын айдоочулары Б.Н. жана С.М. менен кармалган.
Бул факты маалыматтарды каттоо журналына катталып, азыркы учурда тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүрүп жатат.