УКМК: Майнинг-фермалардын мыйзамсыз ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду
КР УКМК энергетика тармагындагы коррупциялык схемаларга бөгөт коюу ишинин жүрүшүндө майнинг-фермалардын мыйзамсыз ишмердүүлүгүн аныктап, бөгөт койду. Сотко чейинки өндүрүштүн материалдарынын алкагында, Кыргыз Республикасынын жараны «М.Д.Ю.» электр энергиясын бөлүштүрүүчү “ЭТ” компаниясына мыйзамсыз кошулуп, электр энергиясын ири өлчөмдө урдоо менен майнинг-фермалар аркылуу…