ПРОВОКАЦИЯЛЫК МАТЕРИАЛДАРДЫ ТАРАТУУЧУЛАР КЫЛМЫШ ЖООПКЕРЧИЛИГИНЕ ТАРТЫЛАТ

Аймактар аралык жана улуттар аралык кастыкты козутууга багытталган ар кандай социалдык тармактарда чагымчыл материалдардын жайылышына байланыштуу, УКМК төмөнкүлөрдү маалымдайт.

Бул чагымчыл материалдар өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды курчутуу максатында жайылтылууда.

Буга байланыштуу, УКМК аталган материалдарды түзүүгө жана жайылтууга катышкан адамдарды аныктоо боюнча атайын ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүүдө.

УКМК аймактар аралык кастыкты козутуу максатында ушундай мүнөздөгү чагымчыл жана башка материалдарды жайылтуу үчүн, колдонулган мыйзамдарга ылайык кылмыш-жаза жоопкерчилиги каралгандыгын эскертет.

Эгерде сиз күбө болуп калсаңыз же чагымчыл билдирүүлөрдү таратуучулар жөнүндө маалыматыңыз болсо, (0312) 66-04-75, (0312) 66-00-20 номуру аркылуу ишеним телефонуна чалсаңыз болот.

Жашырымдуулукка кепилдик берилет.