ТАЛАПКЕРЛЕРГЕ КОЮЛГАН ТАЛАПТАР
КР УКМК маалымдайт!
2025-жылдын 27-январынан 27-февралына чейин Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин генерал-лейтенант А.К.Бакаев атындагы Академиясына, ошондой эле Россия Федерациясынын Федералдык коопсуздук кызматынын Академиясына кабыл алуу жүргүзүлөт.
Кабыл алуу күндөрү:
ШЕЙШЕМБИ жана БЕЙШЕМБИ 9:30дан 17:00гө чейин
2025-жылдын 19-февралынан 28-февралга чейин , саат 09:00дөн 17: 00гө чейин Чүй облусу боюнча талапкерлер кабыл алынат
Контрактты төлөбөстөн бюджеттик каражаттардын эсебинен күндүзгү окуу формасы. Академиянын жатаканасында жашоо. Үч маал тамак жана аскердик кийим берилет.
Талапкерлерге коюлуучу милдеттүү талаптар:
-17 жаштан 21 жашка чейин;
– бою 170 см жана андан жогору;
– салмагы кеминде 60 кг;
-толук орто билими жөнүндө аттестаттын же орто кесиптик билими жөнүндө дипломдун (окуудагы жетишкендиги жөнүндө табелдин) орточо баллы 4,0 баллдан төмөн эмес;
* соттуулугунун жоктугу, анын ичинде жакын туугандарынын да;
* чет мамлекеттин жарандыгынын жоктугу, анын ичинде жакын туугандарынын да;
Аңгемелешүүгө келген талапкерлердин жанында төмөнкү документтер болушу шарт:
– паспорттордун жана туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрдүн (талапкердин жана анын жакын туугандарынын) күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү;
– аскердик билеттин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү (убактылуу күбөлүк) же каттоо күбөлүгү;
– жалпы билим берүү мекемелеринин 11-класстын окуучусу үчүн 1-жарым жылдыктын отчеттук баракчасы;
– атайын орто жана жогорку окуу жайларынын студенттери үчүн толук билими тууралуу аттестат;
– жашаган жери боюнча бейтапканадан ден соолугу тууралуу маалым кат (форма-027У);
– жакын туугандарына карата маалыматтарды көрсөтүү менен толук өмүр баян (басма түрүндө);
– сүрөт, 3×4=4 даана , 9×12=2 даана;
– талапкердин жана анын жакын туугандарынын жашаган жеринен маалым кат;
– талапкердин жана анын жакын туугандарынын окуган жеринен маалым кат;
– талапкердин жана анын жакын туугандарынын иштеген жеринен маалым кат;
–талапкердин жана анын жакын туугандарынын КР ИИМинен соттолбогондугу тууралуу маалым кат;
– талапкердин окуган жеринен мүнөздөмө;
– жалпы билим берүү мекемелеринин бүтүрүүчүлөрүнө негизги тест боюнча ЖРТ жыйынтыгынын көчүрмөсү;
– талапкердин (жашы жеткен) жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн кирешелери жана мүлкү жөнүндө декларацияны банктык, салыктык жана бажылык сырды түзгөн маалыматтарды ачуу жөнүндө милдеттенме менен белгиленген тартипте тапшыргандыгы жөнүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан күбөлөндүрүлгөн маалыматтар;
– “В” жана “С” вирустук гепатиттеринин анализинин жыйынтыгы;
– ЭХОКГ, ЭЭГ экспертизасынын жыйынтыктары;
– Форма № 63 (эмдөө картасы);
– Форма №112 (амбулаториялык карта)
– скоросшиватель – 1 даана.
Аңгемелешүүдөн өткөн талапкерлер тандоо сынактарынын төмөнкү этаптарына киргизилет:
-медициналык күбөлөндүрүүдөн өтүү;
-дене тарбия даярдыгы боюнча нормативдерди тапшыруу;
-психофизиологиялык күбөлөндүрүүдөн өтүү (IQ тести);
-полиграфты колдонуу менен атайын психофизиологиялык изилдөө жүргүзүү;
– кирүү экзамендерин тапшыруу.
Аймактарда жашаган талапкерлер төмөнкү даректер боюнча кайрылса болот:
* Бишкек шаарынан төмөнкү дарек боюнча аңгемелешүүдөн өтүшөт: Бишкек ш., Профсоюз көч., үй-104 “А”, тел.: 0 (312) 30-73-86;
* Чүй облусунан, төмөнкү дарек боюнча аңгемелешүүдөн өтүшөт: Бишкек ш., Кийизбаев көч., 206-үй;
* Ош шаары жана Ош облусу боюнча, дарек: Ош ш., Баялинов көч., 5-үй, тел.: 0 (3222) 7-32-32;
* Жалал-Абад облусу боюнча, төмөнкү дарек боюнча аңгемелешүүдөн өтүшөт: Жалал-Абад шаары, Байзаков көчөсү, 53-үй, тел: 0 (3722) 5-60-49;
* Баткен облусу боюнча, төмөнкү дарек боюнча аңгемелешүүдөн өтүшөт: Баткен ш., Курманжан Датка көч., 15/2-үй, тел.: 0 (3622) 5-00-33;
* Талас облусунан, төмөнкү дарек боюнча аңгемелешүүдөн өтүшөт: Талас шаары, Карл-Маркс көчөсү, 27-үй, тел.: 0 (3422) 5-20-43;
* Нарын облусунан, төмөнкү дарек боюнча аңгемелешүүдөн өтүшөт: Нарын шаары, Ленин көчөсү, 86-үй, тел.: 0 (3522) 5-04-19;
- Ысык-Көл облусу боюнча, төмөнкү дарек боюнча маектешүү жүргүзүлөт: Каракол шаары, Кутманалиев көч., 148-үй, тел.: 0 (3922) 5-11-80.